Сеулдун жаштары Израил элчисин чыгып кет дешти

Сеулдун жаштары Израил элчисин чыгып кет дешти

Түштүк Кореянын борбор калаасындагы бир ресторанда жубайы менен тамактанып отурган Израилдин Түштүк Кореядагы  элчиси Рафаэль Харпазды жаш активисттер чыгып кетүүсүн талап кылышты.

Алар “Палестинага боштондук”, ” бул жерде кыргынга жол жок”, ” колуңар канга боёлгон”, “силер кыргын салгандардын жугунду корлорусуңар” деген ураандар менен кыйкырышты. Видеодо Израил элчисинин чочуган абалын көрүүгө болот.