Руханий лидердин улуу көчү

Руханий лидердин улуу көчү

Кечээ католиктердин руханий лидери, Ватикан мамлекетинин башчысы Папа Франциск көз жумду. Айтыш оңой бирок 266-папа, чоң тарых.

Папа Франциск менин көз карашымда бир дин лидери жана инсан катары сыйга татыктуу киши.

Себеби, чиркөөнүн-Рим папаларынын тарыхтагы каталарын, кылмыштарын мойундады, кабыл алды.

“Биз Жаратканды уйат кылдык. Чиркөө күнөөлөрүн танбайт, кечирим сурап курмандыктарды угушубуз керек” деп чиркөө курмандыктарынан кечирим сураган биринчи папа.

Өзүнөн бир мурдагы папа Папа Жон Пол II кабыл алган “Чиркөөнүн адамзат тарыхындагы бардык күнөөлөрүн кабылдап, толугу менен кечирим суроо” пикирин ишке ашырды. Папа Франциск дүйнөнү кыдырып эмнелер үчүн кечирим сурап келди:

1. Крест жортуулдары заманындагы мусулман жана ортодокс христиандарына жасалган геноцид, зомбулуктар

2. Испанияда инквизиция учурундагы мусулман жана еврейлерге геноцид, кыйноолор

3. Европадагы дин согуштарындагы протестанттарга зулумдук

4. Түн.Түш. Америкадагы индейлерге, ж.б. түпкүлүктүү калктарга карата жасалган геноцид-кыргын.

5. Африкадагы колониализм жана кулчулук доорундагы зулумдуктар

6. Орто кылымдардагы өлтүрүлгөн илим адамдары, илим репрессиясы.

7. Дин кызматкерлер-миссионерлер тарабынан балдарга жасалган сексуалдык зомбулуктар

Папа Францисктин негизги эрдиги, 7-пункт. Дүйнөдөгү чиркөө мектеби, мекемеси, клиникасы жана интернаттарындагы балдар дин кызматкерлери, поптор, монархтар атүгүл эң жогорку даражадагы кардиналдар, епископтор тарабынан системдүү түрдө сексуалдык зомбулукка учурап келгени 1990-жылдарга чейин дүйнөгө анчейин билинген эмес. Өзгөчө Ватикандагы окуяларды Рим папалары “ич ара тартип бузуулар же ич маселелер” деп жаап-жашырып келишкен, билинип калган учурда Ватикандын саясый күчү менен чечилген.

Акыркы 20-30 жыл мурун журналисттер жана укук коргоочу активисттер тарабынан көптөгөн фактылар ортого чыгарылып, сот процесстери башталган соң бүтүндөй дүйнө шок жашаган. Ошентип 1950-ж. чейин иликтөөлөр тереңдеп көп окуянын бети ачылып, миңдеген дин кызматкелери кызматтан алынып, айрымдары сот жазасына тартылып келет. Ал эми жабыр тарткандар жүз миңдеп саналат.

Бир эле мисал; 2021-жылы Жаңы Зеландия өкмөтү 1950-2019-жж. түздөн-түз зулумдукка кабылгаг 250миң кишиден (баладан) расмий кечирим сурады.

Учурда Канададагы индей-интернатынан Австралия, Европадагы чиркөөлөрдөгү он миңдеген жабырлануучуга млн догон доллар конпенсация төлөнүүдө.

Чиркөө тарых менен элдешти бирок чиркөгө элдин ишеними азайды, айрыкча Европада, Канада, АКШ, Австралия сыяктуу өлкөлөрдө чиркөөлөр жамааты жок байма-бай жабылууда.

Папа Франциск Украина согушун “империялык арам максаттар менен жасалган злмбулук” жана Газа трагедиясын “адамзатка каршы кылмыш” деп сыпаттап, баскынчыларды катуу айыптаган бирок Ватикан азыр эч кандай реалдуу саясый таасирге ээ эмес.

Ошентип Папа Франциск эки миң жылдык папалык тарыхындагы 266 папанын ичинен балким эң үлгүлүүсү катары о дүйнө салды, эмне дейли, арты кайырлуу болсун.

Шарымбек Дарман