Астана шаарынан 16 жаштагы Арсен Калиев Harvard Undergraduate Ventures-TECH Summer Program аттуу жайкы программага кабыл алынып, 3500 доллар стипендия алды. Бул өспүрүмдөр үчүн уюштурулат. Анда катышуучулар Гарварддын адистеринин жетекчилиги алдында өз стартаптары менен иштешет. Адатта бул программага талапкерлердин 15 пайыздан азы тандалат. Арсен бул мүмкүнчүлүккө өзүнүн социалдык ИТ-долбоорлору аркылуу жетишти.
Бир жолу Арсен добуш менен башкарылуучу жардамчы түзгөн. Ал күн тартибин көрсөтүп, валюталардын курсун айтып берип, аба ырайына жараша эмне кийүү керектигин сунуштачу. Бир жылдан кийин бул бот myCareAI аттуу өспүрүмдөр үчүн психологиялык колдоо көрсөткөн куралга айланды. Дагы бир боттун идеясы Арсендин чоң апасы жүрөк кемтиги менен ооруп, көп убактысын ооруканада өткөрүп жүргөнүн көргөндөн кийин жаралган. Ошентип CardioAlertBot пайда болгон. Бул Telegram-бот жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун симптомдор пайда боло электе аныктоого жардам берет.
