Мэрдин аракети күчтүү, бирок, каражат жок

Мэрдин аракети күчтүү, бирок, каражат жок

Ош шаарын өнүктүрүү боюнча калаа башчысы Жеңишбек Токторбаевдин аракети парламенттин бүгүнкү, 23-апрелдеги жыйынында айтылып, мактоого алынды. Ошол эле кезде Ош шаарынын реконструкциясы үчүн каражаттын жетишсиздиги көтөрүлүп, бир топ тоскоолдуктар жаралып жатканы белгиленди.

“Көкүмбий, Амир Темур жана Мамыров көчөлөрүнө 506 млн сом каралган экен. Бирок, ушул кезге чейин болгону 100 млн сом эле бөлүнүптүр. Ош шаарын өнүктүрүүгө катуу аракет кылып жаткан Жеңишбек Токторбаевди колдоп, каражатын бөлүп бериш керек “,- деди депутат Аккулу Бердиев.