Марко Рубио Зеленскийдин Крым боюнча билдирүүсүнөн кийин Лондонго сапарын токтотту

Марко Рубио Зеленскийдин Крым боюнча билдирүүсүнөн кийин Лондонго сапарын токтотту

Марко Рубио Крым боюнча Зеленскийдин билдирүүсүнөн кийин Украинадагы жаңжалдын тынч жол менен жөнгө салуу боюнча Лондондо өтө турган жолугушууга болгон сапарын токтотконун The New York Times басылмасы жазды.
Буга чейин Владимир Зеленский украин делегациясынын Лондондо америкалык жана европалык өкүлдөр менен жолугушуусунун алдында өткөн брифингде Украина Крымдын оккупациясын юридикалык жактан тааныбай турганын билдирген.
«Украина Крымдын оккупациясын юридикалык жактан тааныбайт. Бул биздин аймак, украин элинин аймагы. Бул тууралуу талкуу болбойт — бул биздин Конституциянын чегинен тышкары»,-деди Зеленский.
Анын айтымында, Крым жана Россия тарабынан оккупацияланган башка аймактар боюнча маселени талкуулоо согушту узартууга гана алып келет жана «Россия дал ушуну каалайт». Биз он экинчи жылдан бери согушуп келе жатабыз. Бул — Россия менен аймактар боюнча макулдашууга болобу деген суроого жооп»,-деди Зеленский.