Жогорку Кеңештин бүгүнкү 23-апрелдеги жалпы жыйынында эл өкүлдөрү ар кандай маселелерди көтөрүп, коомдогу көйгөйлүү суроолорду алып чыгышууда.
Депутат Элдар Абакиров “Кыргызстанда 6300 окутуучу жетишпейт. Өткөн жумада билим берүү министри келип, Жогорку окуу жайды жаңыдан бүткөндөрдү мугалим катары колдонобуз деп жатат. Мугалимдердин айлыгы болсо, 26 миң сом экен. Финансы министрлиги быйыл алардын айлыгы көтөрүлбөйт деди. Көптөгөн мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы төмөн, үйү жок, үй алайын деп ипотекалык курулуштарга кезекке турушса, кезек аябай эле узак болуп жатат. Андыктан, алар үчүн атайын кезек болсо, же, кезексиз берилсе деп суранып жатышат”,- деди.
Депутат Мамлекеттик ипотекалык курулуштан (МИК) балким, кезексиз үй берилсе, деген сунушун айтты.