Кыргыз-тажик чек арасына зым тор тартыла баштады

Кыргыз-тажик чек арасына зым тор тартыла баштады

Кыргыз-тажик чек арасына зым тор тартыла баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Камила Талиева парламентте билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, тиешелүү иштер өткөн аптада башталган.

Талиева чек аранын такталганы үчүн Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирип, ага аксакалдар жолдогон рахматын айтты.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан менен чек араны демаркациялоо иштери жылдын аягына чейин бүтөрүн билдирген.