КСДП партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбеков судья күбөлөрдүн катышуусу жок эле алардын көрсөтмөлөрүн окуп киргенин билдирди. Анын айтымында, судья күбөлөрдүн өзүн сурап, көрсөтмөлөрүнүн анык экенин териштириши керек.
Темирлан Султанбековдун мындай пикири ФБ баракчасына жарыяланды.
Эске салсак, Темирлан Султанбеков менен бирге мурдагы депутат Ирина Карамушкина жана КСДП партиясынын активдүү мүчөсү Роза Түрксевер 2024-жылы кармалышкан. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен иш козголгон. Учурда иш Свердлов райондук сотунда каралууда.