Казакстандын Улуттук экономика министри Серик Жумангарин менен Афганистандын Тоо-кен жана мунай министри Хедаятулла Бадри Кабулдагы жолугушууда Афганистандын пайдалуу кендерин изилдөө боюнча биргелешкен техникалык комиссия түзүүгө макулдашышты.
Серик Жумангарин казакстандык геологдорго талаа иштерин жүргүзүүгө жардам көрсөткөнү үчүн афган тарапка ыраазычылык билдирди. Ал Казакстанда геология, казып алуу жана кайра иштетүү жаатында тажрыйбалуу компаниялар бар экенин айтып, алардын инвестиция салууга даяр экенин белгиледи.
Жолугушууда тараптар кызматташтыкты улантууга макулдашып, бардык маселелерди ыкчам талкуулоо үчүн комиссия түзүүнү чечишти. Казакстан майдын аягында башка аймактарда изилдөө жүргүзүү үчүн адистер тобун жөнөтөт. Афган тарап керектүү маалыматтарды берүүгө даяр экенин билдирди.
