Жириновскийдин чет өлкөлүк паспорту аукционго коюлду

Жириновскийдин чет өлкөлүк паспорту аукционго коюлду

Владимир Жириновскийдин советтик чет өлкөлүк паспорту лот катары жарыяланды. Ал Россиянын аукциондук үйүнүн Bidspirit порталында жайгаштырылган. Баштапкы баасы 100 миң рубль.
Жириновскийдин паспорту тууралуу лоттун сүрөттөлүшү мындайча.
“ЛДПР партиясынын лидери В. В. Жириновскийдин Советтик үлгүдөгү чет өлкөлүк паспорту, өзүнүн колтамгасы жана визалары менен. Россиянын чек ара кызматтарынын белгилери бар.
Өлчөмү 12,5х9 см. Мукабасына коленкоров материал колдонулган. 33 бет. Толугу менен толтурулган. Колдонулган издери бар. Жалпысынан жакшы абалда”.
“Туулган жери” графасында “Алма-Ата” деп жазылган. Ал азыркы Алматы шаарынын ошол кездеги аталышы.
Буга чейин Россиянын ЖМКларында Алматыда Владимир Жириновскийге эстелик коюлары мүмкүн экени айтылган.
Владимир Жириновский 2022-жылдын 6-апрелинде узакка созулган оорудан кийин каза болгон.