“Студенттердин контрагынан төлөнгөн 15 млн сом акчаны БатМУ кымырып алган. Андан тышкары, 3 млн сомду иш сапарларына жумшап, чартаңбай тепкен. Муну ким кылган? БатМУнун ректору. Муну минфиндин ички аудити таап чыккан. Эгер көз карандысыз аудиторлору изилдесе, мындан да көп болот”,- деп билдирди депутат Камила Талиева парламенттин бүгүнкү, 23-апрелиндеги жыйынында.
“Баткен согушту башынан өткөрдү. Ата- энелер балдар-кыздарынын контрактарын араң төлөп жатса, университеттин жетекчилиг жеп алганга кандай акысы бар? Ушундай ректорду бир күн да кечиктирбей жумуштан алышыңар керек эле. Эмне үчүн бир айдан бери дале отурат? БатМУда эч нерсе болбогондой тыптынч. Бул эмне деген алашемдик”,- деп кейиди депутат.