Алдамчы компанияларга тышкы башкарууну киргизүү сунушталды

Алдамчы компанияларга тышкы башкарууну киргизүү сунушталды

Айрым шылуун компаниялар дале болсо элди алдап жатканын Дастан Бекешов билдирип, кээ бир курулуш компаниялардын жетекчилери түрмөдө отурганын, айрымдары качып кетишкенин, натыйжада, элдер кыйналып жатканын, мындан улам алардын компанияларына тышкы башкарууну киргизүү керектигин айтты. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 23-апрелдеги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Депутат “Биз тышкы башкаруу деген маселени мыйзамдарга киргизгенбиз. Мына, Кумтөргө тышкы башкаруу киргиздик эле канчалаган кемчилиги чыкты. Азыр Апсамат Масалиев көчөсү 81 деги “KG Групптун” үйү дале бүтпөй жатат. Негизи, мындай жерлерге өкмөт кийлигишпесе, болбойт. Элди алдаган компанияларга тышкы башкарууну киргизүүнү сунуштайт элем”,- деди .