Президенти Садыр Жапаров кечээ, 21-апрелде, Бахрейн Королдугуна болгон расмий иш сапары учурунда Улуттук жыйындын Консультативдик кеңешинин Төрагасы Али бин Салех Аль-Салех менен жолугушуп, эки өлкөнүн парламенттер аралык мамилесин чыңдоо боюнча
сүйлөшүшүп, ар тараптуу кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча талкуулашты. Ошол эле күнү Манама шаарындагы Бахрейн Улуттук музейине барды. Ал жерде байыркы Дильмун цивилизациясы баш болгон ар доордогу бай маданий жана тарыхый мурастар менен таанышты.