Өзбекстанда “алтын виза” программасы 1-июндан баштап ишке кирет

Өзбекстанда “алтын виза” программасы 1-июндан баштап ишке кирет

Өзбекстан бай инвесторлорду тартуу максатын көздөп, “алтын виза” программасын ишке киргизет.

Эми чет элдик жарандар 200 миң АКШ доллар, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири  үчүн 100 миң доллардан инвестиция салса, “алтын визага” ээ боло алышат.

“Алтын виза” программасы 1-июндан  баштап, инвесторлорго жеңилдетилген тартипте бериле баштайт. Өзбекстан “алтын виза” программасы аркылуу өлкөгө бай инвесторлорду тартууга жана экономикалык капиталдын агымын күчөтүүнү көздөп жатат.