Скульптор Зураб Церетели дүйнөдөн кайтты

Скульптор Зураб Церетели дүйнөдөн кайтты

Атактуу скульптор Зураб Церетели 22-апрелде 92 жаш курагында көз жумду. Ал көптөн бери ооруп жүргөн.
Искусство таануучу Ксения Коробейникова
«Зураб Церетели дүйнө салды. Улуу сүрөтчү. Улуу инсан. Улуу жаран. Улуу меценат. Ал көп тармакта өзүн көрсөттү. Зураб Константинович узакка созулган оорудан кийин 92 жашында үй-бүлөсүнүн курчоосунда көз жумду. Анын туугандарына жана Россиянын сүрөтчүлөр академиясына терең кайгыруу менен көңүл айтам»,-деди ал.
Сүрөтчүнүн расмий сайтында Зураб Константинович Церетели 1934-жылдын 4-январында Тбилисиде төрөлгөнү жазылган. Бала кезинен эле сүрөткө жана живопистке кызыгуусу чоң болгон.
Өмүрүндө Церетели көптөгөн чыгармалардын автору болгон:
Нью-Йоркто жайгашкан «Жакшылык жамандыкты жеңет» монументи;
Тбилисидеги Саясий агартуу үйү;
Гаграда жайгашкан Балдар шаарчасы;
Москвадагы Петр Iге арналган эстелик;
Москвадагы Россия башкаруучуларынын аллеясы;
Тбилисидеги «Грузия тарыхы» мемориалы;
Москвадагы «Достук кылымдарга» монументи.