Рим Папасы Францисктин тажиясы 26-апрелде өтөт. Бул тууралуу Ыйык Тактынын басма сөз кызматы кабарлады.
«2025-жылдын 26-апрелинде, саат 10:00дө Ыйык Пётр соборунун алдында Рим Папасы Франциск үчүн жаназа ырым-жөрөлгөсү өткөрүлөт. Андан кийин понтификтин сөөгү Ыйык Пётр соборуна, андан соң Санта-Мария-Маджоре базиликасына коюлат»,-деп айтылат билдирүүдө.
Ватикан канондоруна ылайык, понтифик каза болгондон кийин 4-6 күн ичинде көмүлүшү керек. Дүйнөлүк лидерлердин айрымдары тажыяга катышуу ниетин билдиришти.
