Президент “Акылман” лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө укук берген мыйзамга кол койду

Президент “Акылман” лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө укук берген мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейининбүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө укук тааныган мыйзамга кол койду. Ага ылайык, алар чет өлкөгө мамлекеттин эсебинен окуп, мамлекеттик кызматтардын кадрлар резервине конкурсу жок кабыл алынышат.

Аталган мыйзам өлкөдө аң сезими өнүккөн муунду тарбиялоого,   “Акылман” лицейинин, “Эл үмүтү” президенттик программасынын бүтүрүүчүлөрүнөн, ошондой эле өзгөчө статусу бар ЖОЖдорду артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдөн чыккан таланттуу жаштарды  колдоо максатын көздөйт.

Мыйзамга ылайык:

– “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө Кыргызстандын аймагында мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен орто жана жогорку кесиптик билим алуу үчүн билим берүү уюмун жана билим берүү формасын тандап алуу укугун берүү.

– “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө Министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен дүйнөлүк рейтингге кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында орто жана жогорку кесиптик билим алуу укугун берүү.

– “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүсү дүйнөлүк рейтингдерге кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында окуусунун толук наркын жабууга грант алган учурда, ага Министрлер кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдөгү мамлекеттик стипендия төлөө.

– “Акылман” президенттик лицейинин жогорку кесиптик же, орто кесиптик билим алган бүтүрүүчүлөрү, президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын алкагында чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү; Кыргызстандын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөр жеке арызынын негизинде мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине конкурстан тышкары киргизилет.

Ошондой эле  бүтүрүүчүлөрдүн ичинен кадрлар резервинде турган талапкер мамлекеттик жарандык кызматтын же муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы кызмат орундарына артыкчылыктуу тартипте дайындалуу укугуна ээ болот.

Мындан башка “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү менен мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда белгилүү бир мөөнөткө иштеп берүү үчүн келишими түзүлөт. Эгерде келишимдин шарттары бузулса, бүтүрүүчү окууга кеткен чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү болоору эскертилген.