Рим папасы Францисктин тажиясы мурдагы папалардын көмүү жөрөлгөлөрүнөн айырмаланат. Буга чейин өзү да тажия жөрөлгөлөрү «ашыкча» экенин айтып келген.
Папа Ordo Exsequiarum Romani Pontificis документине киргизген өзгөртүүлөргө ылайык, тажия аземи канондук түзүлүштө калат. Түнкү күзөт, тажия жана көмүү салттары сакталат. Бирок Францисктен тарта папанын сөөгүн элге урмат көрсөтүү үчүн катафалка коюу жоюлат. Ошондой эле табытты жабуу аземи болбойт. Мурда колдонулган үч кабаттуу кипарис, коргошун жана эмен же жаңгак дарагынан жасалган табыттын ордуна жөнөкөй жыгач табыт колдонулат. Мындан ары түнкү күзөттөн экөө эмес, бирөө гана өткөрүлөт.
Францискке байланыштуу дагы бир жаңылык көмүлө турган жайы. Акыркы учурларда көпчүлүк папалар Ватикандагы Ыйык Петр соборунун алдында коюлуп келген. Бирок Франциск өз каалоосу менен Ватикандан тышкары жайгашкан Санта-Мария-Маджоре чиркөөсүн тандаган. Ал жерде жайгашкан Ыйык Мариянын сүрөтүнө болгон өзгөчө сый-урматы бар экенин түшүндүргөн.
Понтифик 21-апрелде эртең менен 88 жаш курагында көз жумду. Ал инфаркт алып, андан соң жүрөгү токтогон. Папанын тажиясы 25-27-апрель аралыгында болушу мүмкүн. Так күнү католик чиркөөсүнүн өкүлдөрү тарабынан аныкталат. Эл менен коштошуу иш-чарасы 23-апрелде өтөт.
