Атактуу аргентиналык чабуулчу Лионель Месси 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтүүчү Дүйнө чемпиондугунда Аргентина курама командасынын курамында ойноо тууралуу чечим кабыл ала элек. Бул тууралуу Месси чет элдик спорт басылмаларына пикирин билдирген.
“Дүйнөлүк чемпионат жөнүндө ойлоно элекмин. Мен үчүн дүйнөлүк чемпионатка чейин ырааттуу ойноп, өзүмдү жакшы сезишим маанилүү. Өткөн сезондо жаракат алып, бир катар беттештерге катышпай калдым. Быйыл мен жакшы иштеп жатам, кылдат даярдандым. Алдыда матчтар көп, андыктан 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионатты эмне кылууну чечүүдөн мурун күтүшүм керек. Эң негизгиси турнир алдында өзүмдү кандай сезип жатканым маанилүү», – деди Месси.
Эске салсак, Лионель Месси улуттук курамада 191 беттеш өткөрүп, 112 гол киргизген. Аргентина 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунда титулун коргойт.
