Кыргызстан менен Бахрейн ортосунда 9 документке кол коюлду

Кыргызстан менен Бахрейн ортосунда 9 документке кол коюлду

Президент Садыр Жапаров Бахрейнге болгон расмий иш сапары учурунда  маданий, экономикалык жана социалдык  тармактарды камтыган бир катар документтерге кол койду.

Алардын тизмеси:

– Дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

– Эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө макулдашуу.

– Экономикалык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

– Саламаттык сактоо тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

– Маданият тармагындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

– Жаштар саясаты жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

– Юстиция жана сот адилеттиги тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

– Дин чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

– Эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.