АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм Вашингтондогу Capital Burger ресторанында уурунун курмандыгы болду. Анда беткапчан эркек киши анын сумкасын уурдап кеткен. Бул маалыматты министр өзү жана Ички коопсуздук министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматтарга караганда, министрдин сумкасында үч миң доллар накталай акча, айдоочулук күбөлүк, дары-дармектер, батирдин ачкычтары, паспорт, ички коопсуздук министрлигине кирүүчү өткөрмө документтери, косметика салынган сумочка жана чек китепчеси болгон.
Маалыматка караганда, министр сумкасынын жоголгонун дароо байкаган эмес. Ресторандагы видеокөзөмөл камераларынын жазууларын карап жатып, АКШнын жашыруун кызматынын кызматкерлери кылмышкер министрдин үстөлүнө жакындап, сумканы уурдап кеткен учурду аныкташкан. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
