Зеленский: Москвадан так жоопту күтөбүз

Зеленский: Москвадан так жоопту күтөбүз

Украина президенти Владимир Зеленский ок атышууну токтотуу тууралуу Telegram-каналына видео кайрылуу жазады. Анын айтымында, Киев диалогго даяр жана Москвадан жооп күтүп жатат.
“Эми, Пасхадан кийин, бүт дүйнө чыныгы маселени, согуштун улануусунун чыныгы себебин ачык көрө алат. Россия – бул согуштун булагы. Так Москвадан орус армиясы үчүн ок атышууну токтотуу боюнча чыныгы буйрук келиши керек. Эгерде мындай бекем буйрук болбосо, демек, ок атышууну токтотуу да жок”,-деп баштады Зеленский өз кайрылуусунда.
Президент Пасха күнү абадан сокку урулушу тууралуу эскертүүлөр болбогонун жана фронттун айрым тилкелери тынч болгонун ырастады.
“Бул мүмкүн экенин далилдейт. Эгер Россия өлтүрүүлөрдү азайтууну чечсе бул мүмкүн. Ошого карабастан, Украина өз турумун сактап келет. Жок дегенде, жарандык инфраструктурага сокку урбоо керек. Биз Москвадан так жооп күтөбүз. Бул маселени кантип камсыз кылууга болору тууралуу ар кандай сүйлөшүүгө даярбыз”,-деп кошумчалады ал.
Зеленскийдин айтымында, эң жөнөкөй жана ишенимдүү жолу бар. Ал ракета жана алыска учуучу дрондор менен чабуулдарды токтотуу. Анын ишениминде, бул  жарандык инфраструктуранын коопсуздугун автоматтык түрдө камсыздайт.
“Ок атышууну токтотуу – реалдуу жана узак мөөнөттүү – ишенимдүү жана туруктуу тынчтыкка карай биринчи кадам болушу керек. Париждеги жолугушууларда жана бул аптада Лондондо өтө турган жолугушууларда украин делегациясынын башкы максаты – ок атышууну сөзсүз токтотууну камсыздоо болот. Бул башталыш болушу керек. Тынчтык – тынчтыктан башталат”,-деди Зеленский.