Жөнөкөйлүктүн бийиктиги

Жөнөкөйлүктүн бийиктиги

Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы ишкерлерден эң алгач “Эмгек Баатыры” эң жогорку мамлекеттик сыйлыкка татыган, адал эмгеги менен эл сыйына арзыган Аскар Салымбековдун бейнесине айрым сүртүмдөр.

I

Эмгек

XVIII кылымдагы италиялык улуу тарыхчы Джамбаттиста Вико ар бир элдин тарыхы үч доорго бөлүнөт дейт. Кудайдын тарыхы; баатырлардын тарыхы; адамдардын тарыхы. Кудайдын тарыхы эбак диний китептерде жазылган. Баатырларыбыздын тарыхы эпостордо, санжыраларда камтылган. Эми инсандардын тарыхын жазчу учур келди окшойт. Эгемен өлкө болгонубузга  эмдиги жылы 35 жыл болот. Ушул доордо өзгөчө эмгек кылган инсандар эсселер жөнүндө топтомун   жазып келе жатам. Буга дейре Ч.Айтматов, Т.Садыков,

Т.Усубалиев, М.Мамытов, К.Жусупов, Д.Садырбаев, Ш.Дүйшеев жөнүндө ж.б.у.с макалаларым жарык көргөн. Бүгүнкү каарманыбыз –

Аскар Салымбеков. Ал ишкер чөйрөсүнөн. Бирок анын ишкерлик өзгөчөлүгү эмес, руханий өңүттөн ачууга аракет кылдым. Мен деле бул инсандын канча элге жардам берип, нече салык төлөгөнүн, миңдеген жумуш ордуларын ачканын, жүздөгөн кайрымдуу иштерин баса белгилеп, футбол, кино, маданият,  медицина, Нарын, Баткен облусуна канча көмөк көрсөткөнүн тизмектеп (статистика менен) жазсам болмок. Бирок анын бүгүн зарылчылыгы деле жок. Баарын эл-журт билет. Мамлекет ошон үчүн эң жогорку сыйлыкка татыктуу кылып, ишкер өкүлү катары эң туңгуч “Эмгек Баатыры” болуп отурат. Андан калса Аскар байке менен канча ирет сүйлөштүм, бирок бир да жолу өзү “тигиге мынча, буга мынча жардам бердим” деп айтканын укпаптырмын.

Бирок, эки орчундуу долбоору жөнүндө учкай айта кетпесем болбойт. Биринчиси, “Дордой” долбоору. … Капыстан эле жүздөгөн завод-фабрикалар жабылып, жүз миңдеген адамдар жумушсуз калып, госплан жоюлду. Дүйнө аңтар-теңтер боло түштү. Ошондо “Дордой” базары ачылып, акыркы 30 жылда жүз миңдеген мекендештерибизди иш менен камсыз кылып, дүйнөдөгү атактуу окуу жайлар окуткан соода өнөрүн бизге “Дордой” “академиясы” үйрөттү. Нефть, газ, уран берчү кирешени “Дордой” базары берди. 365 күндүн бир эле күнү эс алып, 364 күн тынбай иштеди. Орто Азия гана эмес, дүйнөдөгү эң чоң он базардын бирине айланды. “Дордой” иш гана берген жок. Иштермандыкты үйрөттү.  Чоң “Дордойдон” дүң баада дүр дүнүйө алып жети  областта жоон орто “Дордойлор”, райондорго орто “Дордой”, ал эми айылдарда кичи “Дордойлор” иштеп, элди иш менен, товар менен камсыз кылып, өлкөбүздө өзүнчө бир соода империясына айланды. Кыргызстан КМШда базары менен таанылды.  Сүзгөндү билбей, бирок дайрага секирип түшүп, аркы жээгине аман-эсен сүзүп жеткен өспүрүм сыяктуу баарыбыз анык соода эмне экенин билбесек да, бирок соода океанына күр кирип кетип, кээси банкрот болуп, көбү соода өнөрүн үйрөнүп, а кээ бирлери капитал топтогон соң башка бизнеске өтүп, инвестиция салып, кийин завод-фабрика куруп өндүрүшкө өтүштү. Айтор, анын үзүрү катары КМШ өлкөлөрүнүн ичинен сооданы мыкты билген бүгүн кыргыздын улан-кыздары! Жок дегенде азыр 70тей өлкөдө кыргыздар соода кылат. Дордой бизге жаңы доорду, жаңы мүнөздү, жаңы агымды жаратты. “Эң көп киреше соодадан түшөт” деп айтылат хадистердин биринде. … “Цивилизация соода аркылуу келет” дейт Ишенбай

Абдразакович өзүнүн берген бир маегинде. Экинчи, дагы мыкты долбоору; Бул – эл аралык Салымбеков университети. Чапчан, прогрессивдүү, кичипейил, жаш болсо да такшалган эки эгиз Амангелди менен Эсенгелди Жумадиловдор жетектейт. Чакан окуу жай.  Бирок сапаты жагынан эң мыкты. Жылына 15 миң операция жасалат.            Дүйнөлүк статистикада эл аралык деңгээлдеги адисти окутуп чыгыш үчүн орточо эсеп менен ар бир студентке 3 миң доллар жумшалышы керек. Кыргызстанда андай үч гана окуу жай бар. (Ага Хан, АУЦА), ал эми Салымбеков университети ата мекендик окуу жайлардан эң биринчи орунда турат. 4 миң доллар ар бир студентке жумшалат. А экинчи орунда Ош университети болжол менен 1,5 миң доллар жумшалат.

Буга чейин бизде рак оорусунун төрт гана түрүн аныктай турган лабораториялык онкомаркер болсо, эми алар жаңы эл аралык деңгээлдеги лабораторияга 100дөн ашык рактын онкомаркерин аныктайт. Бул кыргыз медицинасы үчүн чоң секирик. Биздикилер эми убара болуп, анализ тапшырыш үчүн Алматы, Москва, Түркияга барышпайт. Азыр аталган окуу жайда дүйнөлүк атактуу вуздар менен бирге иштешип өркүндөө жолунда. Испания, Израиль, Түштүк Корея жана Америкадан заманбап медициналык жабдыктар алынып келинген. Ошондой эле Салымбековдордун бизнеси доорго үндөш санариптешүү, IT технология жаатында да алдыңкы саптарда келе жатат. Эки жыл мурун Нарында техколледж ачышты.

II

Жөнөкөйлүктүн улуулугу

Аскар Мааткабыловичтин көп мыкты сапаттары бар. Эң мыкты сапаты – жөнөкөйлүгү. Кичине байый түшсө, же депутаттык мандат алса эле, атүгүл бир чоң тендер утуп алса деле мүнөзү терс  өзгөрүлүп, каада күтүп, төрт-беш жан сакчы менен жүрүп калган канча “досторду” көрдүк. Акыркы отуз жылда алты президент, 30дан ашык премьер, миңдеген депутаттар, министрлер алмашты. Бирок, биздин каарман болсо бир эле мүнөздө, бир эле жардамчы, бир эле машина, бир эле карапайым жүрүшүнөн жазбай, андан калса мындан 15-20 жыл мурда алган телефон номурун өзгөртпөй бир эле калыпта келе жатат. Маселен, азыр деле качан телефон чалсаң ким болбосун атак-даңкына, даражасына карабай жооп берет. Бизде болсо билесиздер, бай кишиге кимдер гана чалбайт. …Кредитинен кутула албай калган фермер, …уулунун контрагын төлөй албай калган айылдашы, …спонсор издеген губернатор, …уулун ишке орноштура албай жүргөн эски аким, …интервью алайын деген журналист, …ат-башылыкмын деп өзүн тааныштырып жүргөн футболист Кожо, …тарых факультетинде бирге окуган курсташтары, … китебин чыгара албай жүргөн акын-жазуучулар, …чет өлкөгө көргөзмөгө спонсор издеп жүргөн сүрөтчү, …долбоору бышып, бирок партнёр издеген ишкер, … партия түзөйүн деген саясатчы, …мурда милицияда иштеп пенсияга чыккан коңшусу, …кайра жумуш издеген таанышы, …базардан контейнер сураган соодагер, …Казакстан, Кытай, Россиянын кээ бир  таанымал миллионерлери, …мурдагы экс-премьер-министрлер, …мончого чакырган шериктештери, …Бразилиянын тышкы иштер министрлиги (ушул өлкөнүн ардактуу консула да), …каражат издеп жаны күйгөн дагы бирөө, …тойго чакырган кудасы. Деги койчу, кимдер гана ага чалбайт. Албетте, ал көйгөйдүн баарын чечип бере албайт. Анткидей сыйкырчы да эмес. Бирок, баарынын көңүлүн таап, сылык, сыпаа жооп берет. Бүгүнкү күндө адамгерчилик “дефицитке” айланып баратканда эң мыкты сапат ушул эмеспи.

Аскар Мааткабылович түпкүлүгүндө сындырбай өстүргөн, …бөксөргөндү толтурган, …жамандабай түзүк иш кылган, …азайганды арбыткан, …кысканы узарткан, …ушакты укмаксанга салган, …кесепети тийгенди кектебеген, …атаандашам дегенге теңелбеген, …ачууланганга сабыр эткен, …таарынганды элдештирген, жаратман жана да ишкер инсан. Улуу Жусуп Баласагын: “Шарап ичкенге караганда, дөөлөткө мас болгон жаман болот” дейт.

Салымбековду шарап да,  байлык да, дөөлөт да мас кыла албады.

Атак-даңк, бийлик, байлык адам баласын өтө сынайт. Биздин каарман ушул үч сыноонун үчөөнө тең татыктуу өттү. “Куу алган кушка эмне сын” деп коёт го элибизде.

… Демек, Аскар байкенин зор байлыгы – анын жөпжөнөкөй, карапайым адамгерчилиги. Адам менен урушпайт, көңүлүн калтырбайт. Дөөлөт, байлык деген неме далайды көптүргөн, мас кылган, бирок Мааткабыл аксакалдын уулун көптүргөнгө күчү жетпеди. Көрсө, өтө көтөрүмдүү инсан окшобойбу. … Балким, ырыскы ушундай мүнөздөгү адамга гана байырласа керек.

III

Байлык

Кыргызстандын байлыгы жер астындагы миңден ашык кендер гана эмес, …90 пайыздан ашыгы бекер агып жаткан суулар гана эмес, …чалкайып жаткан улуу тоо, талаалар гана эмес. Кыргыз элинин дагы бир зор байлыгы – асыл сөздөрү. Сөз эң ириде мээнин продукциясы. Ар бир сөз жаралып, сүйлөнүп кетиши  үчүн бери болду дегенде 100 жылдай керек экен. Ал улуттун ой чабытынан, кан жанынан, интеллектисинен жаралат. Көбүнесе мамлекеттик тил статусуна ээ өлкөлөрдүн тил байлыгы орточо эсеп менен 60-70 миң сөздү түзөт. Мисалы, (Ожеговдун “Орус тил” сөздүгү  58 миң). Ал эми кыргыз тил сөздүгү (диалектикалык сөздөрдү кошкондо) 118 миң сөз. Не деген эбегейсиз байлык! Тилекке каршы, биз анын 3-5 миңин гана пайдаланабыз. Калган сөздөр чаң басып, ырдалбай, сүйлөнбөй, угулбай, айтылбай, ажары ачылбай жатат. Нечендеген, миңдеген асыл сөздөр китепте эле сакталып жансыз бойдон калып жатпайбы. Кайран гана кан Кошой ойлонуп, Айкөл Манас угуп, кеменгер Саякбай айткан керемет сөздөр! Маселен, Нобель сыйлыгын алган атактуу жазуучу Орхон Памуктун китебинде болгону 1600 сөз колдонуптур. Ал эми биздин Саякбай Каралаевдин бир эле томдугунда 70000 сөз колдонулуп жатпайбы. Азыркылардан мен билгенден эң көп сөз билген

Рыспай Исаков манасчы болсо керек. Эми ошол сөздөрдүн бир тамчысын гана бүгүн, быйыл 70 жашка чыгып, “Эмгек Баатыры” эң жогорку наамына татыган Аскар агабызга арнайын дедим. Анда сиздерге суроо салайын, Аскар Салымбеков кандай инсан?

…Сылык, …жөнөкөй, …нарктуу, …тегиз, …ариеттүү, …калыс, …сабырдуу, …көтөрүмдүү, …токтоо, …иштерман, …эмгекчил, …мээнеткеч, …ак көңүл, …кайрымдуу, …боорукер, …жигердүү, …кең пейил, …кылдат, …меймандос, …сыпайы, …кыраакы, …салмактуу, …жайдары, …оор басырыктуу, …топуктуу, …чыйрак, …табышкер, …ишенчээк, …абийирдүү, …адамгерчиликтүү, …ынсаптуу, … ыймандуу, …бир сырдуу, …чебер, …дилгир, …карапайым, …сарамжал, …бүйрө, …бирөөнүн шагын сындырбаган, …кажыбас кайраттуу, …ырыскыга шерик, …доско туруктуу, …адилеттүү, …убадага бек, …бардар, …данакер, …эстүү, …жолдуу.

(…Окурманым, балким, мен унуткан сөздөрдү сиз кошумчаласаңыз да болот). Кеменгер сөздөр! Керээз сөздөр!

Ушул сөздөрдү өз уул-кыздарына арнасын деп бир кезде биздин ата-бабалар кайсы бир качанкы доордо ойлоп, жаратып мураска калтырган. Аскар Мааткабылович, сиз ушундай асыл сөздөргө татыктуусуз деп ойлойм. Сиздей мыкты сапаттарга татыктуу кыргыз инсандары көп болсо экен деп тилейм.   … Ар бир сөздү көтөрүп жүрүү опол тоодой жүк экенин ар бирибиз жакшы түшүнөбүз.

IV

Байыркы кыргыздар бай болгонбу

1990-жылдары рынок заманы жаңы келгенде ой толготтум. Бул кыргызда илгери бай деген болгонбу? Деги жерге жеке менчик укугу болгонбу? Биздин эле Чоң-Кеминде “Жантайдын кыштоосу”,  “Ниязбектин жайлоосу” деген жерлер бар. Демек, бул жер жеке менчикте болгонуна далил. Ал эми байлар болгонбу, кыргыздын байыркы турмушунда? Кыргыз эл жазуучусу жана Эмгек Баатыры Кеңеш Жусуповдун айтканына караганда, Эне-Сайда VII кылымда эле Уюк Туран деген байдын 6000 жылкысы болгон экен. Бул бүгүнкү күндүн эсеби менен 6 миллион доллар. Ал сыяктуу Барлан, Элегей, Асур деген миңдеген жылкысы бар байлар болуптур. Мындан III кылым илгери Төрөбек Төрөкандын “Зар заман” деген китебин көчүрүү үчүн тээ илгери Чыңтемир Баатыр акысына 135 миң кой алган экен. Бул жок эле дегенде азыркы акча менен ондогон миллион доллар.

1885-жылдары эле көлдүн (Кең-Суу) болуштугунда Сооданбек

Рустемовдун 950, Мамут Доскаминдин 750, Тыныбек Солтоңкулдун 900 жылкысы болгонун тарыхчылар  далилдеп жазып жүрүшөт.

Ал эми XIX кылымда эле

Байтиктин тукуму Өзүбек байдын Пишпектин дал ортосунда, болжолу Эркиндик көчөсүндө эсеби көп дүкөндөрү болгон дешет.

Демек, адал эмгек менен байлык күтүү, бай адамды сыйлоо маданияты  кыргыздын тегинде илгери эле болгон. Дегеним, канча бир жүздөгөн жылдардан кийин ошол маңдай тер менен баюуга мүмкүн экендигин, өз маңдай тери менен алгачкылардан болуп Аскар

Салымбеков эгемендик доорунда далилдей алды. Жол көрсөттү, үлгү болду. Ал сыяктуу кыргыздын жигиттери көп болсо, анда ар бир кыргыз үй-бүлөсү, кыргыз көчөсү,  кыргыз айылы, кыргыз журтту, кыргыз өлкөсү, жалпысынан эгемендүү Кыргызстан өлкөбүз бардар, бакубат болоору айныксыз го. Дагы канча кыргыздын жерлери жатат айдалбай … Дагы канча кыргыздын кендери жатат ачылбай … Дагы канча кыргыздын суулары жатат пайдасыз агып … Дагы канча идеялар жатат ишке ашпай … Дагы канча жалкоолук жатат ойгонбой.

Ар бир адал эмгек менен байыган кыргыз миллионери – бул улуттук байлык. Ал улуттук сыймыкка айланыш керек. Мисалы үчүн, Италияда  30 000 фамилия – бул Италиянын байлыгы. В.Познердин мыкты документалдык фильми бар. Италия жөнүндө. Италия – бул кино, живопись, опера, кийим тигүү, бут кийим тигүү, тамак-аш, туризм боюнча дүйнөлүк лидер. Биз билген дүйнөлүк брендге айланган аттар “Prada”, “Gucci”, “Versace”, “Dolce &Gabbana”, “Fendi”,  “Bvlgari”, “Salvatore Ferragamo”, “Miu Miu”, “Botticelli”, “Coneli”,  “Prosecco”,

“Пицца”дүйнөлүк ж.б.у.с. Италия бренддери.

Булар, көрсө, мындан 70-80 жыл мурда эле пайда болуп, ошол фирмаларды түзгөн адамдардын ысымдарынан аталган экен. Өз ысымдарын өз фирмасынын аттарына коюптур. Ал ысымдар  Италияны бүт дүйнөгө даңаза кылып жатпайбы. Азыр деле ал ишканаларда балдары, неберелери иштейт экен. Атасынын алып жүргөн компаниясын башкага сатып жиберүү, же банкрот кылуу, же салык төлөбөй коюу, же ызы-чууга аралашуу алардын урпактарынын намысына турган оор иш болуп эсептелет. Жалпысынан Италиянын атын дүйнөгө тааныткан да, бюджетин толтурган да, жумушчу орундарын түзгөн да жана улуттун сыймыгына айланган да, кийинки муунга үлгү боло турган дагы, мамлекеттен баштап жөнөкөй инсандарга чейин, атүгүл Италиянын атактуу мафиялары дагы сый мамиле кылган ушул 30 000 компания экен. Улуттук бизнести дүйнөлүк брендге айлантуу не деген бийиктик! Тилек кылдым, “Дордой”, “Шоро”, “Ололо”, “Аталык”, Аванград”, “Неман”, “Келечек”, “Кодифай”, “Тойбос”, “Бай элим”, “Билимкана”, “Накта курут”, “Дасмия”, “Ала-Тоо”, “Супара”, “ Kulikov”, “Алайкуу”, “Азия”, “Мега фрудс”, “Кара-Булак”, “Monolit”, “CHAPANSAR”, “D Billions”,  “KeKeev”, “Baira” сыяктуу компаниялар дагы келечекте ушундай эл аралык бийиктикке жете алат деп. Ушундай жаратман инсандарга өзгөчө сый мамиле кылуу биздин улуттук мүнөзүбүзгө айланышы ажеп.

Буга дейре кыргыз эли дүйнөгө руханий байлыгы менен (“Манас” эпосу, Ч.Айтматовдун чыгармалары, кыргыз кинолору ж.б).

Эми XXI кылым атаандаштык кылымы.  Кыргыз баласынын колунан чыккан товар менен дүйнөгө таанылышы абзел.

V

Сыноо

Бул окуя 90-жылдардын соңунда август айында Таласта “Манас Ордо” комплексинде “Көк-Бөрү” оюнунда болгон окуя. Финалга эки команда чыкты. Негизи курамын суусамырдык жигиттер түзгөн Чүйдүн командасы менен Таластын командасы. Оюн кызыды. Экөө тең кырды бычак болуп, бетме-бет тиктешип, теңме-тең ойноп жатты. Улакчылардан да, аттардан да ак көбүк кетип, кетпеген жеринен тер кетти. Жете келип, казанга улакты сала албай калса Мессинин тобу дарбазага кирбей, кайып өткөнсүп, таластык туугандардын кыйкырып, сөгүнгөнүн айтпа. Оюн кызып отуруп, ортолоп калды. Эсеп дагы эле тең-тең. Бирок күйөрмандар Талас командасы тарапта. Ызы-чуу. Кыйкырык-сүрөөн. Жана кыйкырып, сөгүнүп жаткандар эми обдулуп ордунан тура калчу болду. Оюн тең бүтүп, эми кошумча убакыт берилди. Көрүп отуруп, биз да кызып кеттик. Дүйнөлүк футбол боюнча мелдеште Франция менен Германия финалга чыкканда да мынчалык кызуу болгон эмес. Оюн уланды. Аттар жебедей атылып, улакчылар эр эңишке түшкөндөй ызырынып,  ортодо көк бөрү эмес эле, эр сайыш болуп жаткандай кыйкырык, сүрөөн. Бир кезде оюнда чыр чыкты. Улакчылар көчмөндүк каны ойноп, бирин-бирине атырылып, камчы таптап, милицияны, калыс судьяны эч ким укпай калды. Ардактуу жерде отурган ошол доордогу Президент Аскар Акаев дагы жайдары кабагы бүркөлүп, жансакчылары чыйпылыктап, уу-дуу түшүп калды. Намыска бек Таластын улакчылары астындагы аттары таңкага, колундагы камчылары гранатага айланып, азыр эле жаңжал чыгып кетчүдөй сезилди. Президиум тараптан бир чакан бойлуу жигит чуркап чыгып, улакчылар турган жерге барып, микрофонду алып, омуроолоп турган Талас командасына:

— Жигиттер, байге силердики, куттуктайм!

Эки команда тең мыкты ойноду. Баарыңарга рахмат, – деди,

Көрсө, ал киши Аскар

Салымбеков экенин үнүнөн тааныдым. Ошондо Көк-Бөрүнү жетектеп турган эле. Таластык туугандар уу-дуу түшүп бирин-бири кучакташты. Берки тараптагы жигиттер обдулду эле, алардын ар биринин колун кысып, Салымбеков бирдеме дегендей болду. Анын бедели көк-бөрүчүлөр арасында өтө салмактуу экенине ошондо күбө болдук. Чыныгы жигиттик ушинтип элдин ынтымагына доо кетерде сыналат. Ал жерде Аскар Салымбеков эмес, элибиздин ынтымагы сыналды.

… Мындайды орус тилинде “Поступок” деп койчу беле.

… Ошол жылдары эле бир таанымал баш редактор менен басма сөздө кер-мур айтышып кеттим. Аскар байке Нарындан чалды. Бишкекке келип, бир чакан кафеге чакырды. Барсам мен кайым айтышкан инсан ошол жерде экен. Экөөбүздү элдештирди. Улуулук сөзүн айтты. Бул данакерлик эмей эмине. Мындай данакерликти дагы канча адамдарга кылды дейсиз.

VI

Ырыскылаш

Рынок заманы көп нерсенин жүзүн ачыктап, көшөгөсүн сыйрып, көйнөгүн чечиндирди. “Өз оокатым дегенде, өгүздөй кара күчүм бар” демекчи, бир кезде бүтүндөй бир колхозду мыкчып турган директор кийин бир короо койуна ээ боло албай, итке минди. Тескерисинче эч дүйнөсү жок, эр көкүрөк, эмгекчил, суурулуп чыккан кээ бирөө эгин талаасын көрктөндүрүп, биздин айылдык раматылык Жоодар байке сыяктуу накта күжүрмөндөр короо-короо койго, үйүр-үйүр жылкыга ээ болушту.

Адамдык сапаттарыбыз да сыналды. Тууган-туушкан менен кашар талашып, соттошту. Агасы инисинен дүкөн талашып бычак сайды. Дүйнө-мүлк талашып бир туугандар жүз көрүшпөс кас болду. “Асабада” иштеп жүргөнүмдө алты жыл боюу жүрбөгөн тракторду талашып, соттошкон эки бир тууганды көрдүм. Кыргызстан өзү бир чакан айыл сыяктуу. Ким жаңы көйнөк сатып алса да көрүнүп турат, угулуп турат. Алардан айырмаланып бир тууган Салымбековдор, алардын балдары, небере-чөбөрөлөрү бир уянын балапандарындай өтө ынтымактуу, кичүүсү-улуусунда, келини кайын-журтун сыйлап үлгү мамиледе.

Бул темада макала жазып жатканымды мен сыйлаган сөз зергери, интеллектуал акын, кара сөздүн чебери Нуралы Капаровго айтсам, мындай дейт. “Бу Салымбековдун чоң байлыгы өз ара ынтымагы. Бүт баарын кеңешип, акылдашып, жети өлчөп бир кесип чечишет”, —  дейт.

Кичүүлөрү (Эркин, Жумабек, Улук, Райым Салымбековдор ж.б.) байлыкка манчырап, кербезденип, текеберленип, көзүн май басып, көйрөңдөнүп, кесир сүйлөп, терс бурулуп мактанып, бирөөнү алдап сызга отургузуп, куйтулук кылып кеткенин билбейт экенмин.

Андайды укпаптырмын да. Аскар байкенин атына көлөкө түшүрбөдү. Аскар байке аларга бизнес өнөрүн гана эмес, андан дагы бийик турган адамгерчиликти үйрөтүптүр. Демек, ырыскысын тең бөлүшүптүр. Бул Кыргызстандагы баарыбыз үчүн үлгү. Себеби ар бир үй-бүлө ынтымактуу, туруктуу болсо, мамлекет да туруктуу болот. Эң негизгиси баары тең ошол ырыскыны көтөрө билишти. Жашырганда эмне Аскар Мааткабылович менен өтө сый мамиледемин. А агасы

Мамытбай байке менен сырдашмын. Өтө эмгекчил. Күжүрмөн. Кыргызстандагы бирден бир рационализатор инсан. Өзү эле Кыргызстандын шартында көп түшүм бере турган 4-5 эгиндин сортун ойлоп чыгарган. Өз колу менен “Шаршенбай” деген парус жасаган. Парустун желегин Питерден алдырып, жыгачын өзү мебель фабрикасынан жасап, конструкциясын өзү чийип берген.         2006-жылы экөөбүз көл жээгинде сырдашып отурсак, “Тоо шартына ылайыктуу, 3-4 киши отура турган вертолет жасайын деп атам, механикасын ойлонуп койдум. Эми чогултуш керек” десе, таң калдым.

2006-жылдын апрель айы. Эл менен кошо митингде борбордук аянтта жүрсөм, Мамытбай байке чалып калды.

— Кандайсың, айылда жерим бар деп атпадың беле, мыкты үрөн берейин, алып кетип, сээп албайсыңбы, — деп атпайбы, жарыктык киши. Совхоздо талаада 4-класстан баштап картошкада иштеп тажаган жаным, же жок деп айталбай, же митингди таштап кете албай, же өзүмдүн эгин сээп жүргөнүмдү элестете албай, “Агам менен сүйлөшүп жообун айтам” демиш болдум.

Мени үрөндү алып кетет деп далайга күтсө керек, дыйкан киши. Күнү бүгүн да бул аксакалды издеп калсаңыз эмгек талаасынан табасыз.

Ар бир үй-бүлөдө кут кармаган бирөөсү болот. Балким Салымбековдорго Кыдыр Ата Мамытбай байке аркылуу келгенби деп ойлоп кетем. Анын жөнү мындай.

1990-жылдары Мамытбай байке Нарында айыл чарба техникалары тармагында жетекчи кызматта иштеп жүрөт. Кызматтан келатып түн ичинде узак жолдо көзү үлгүрөп кетет. Машинада жалгыз. Бир кезде көзүм илинип кетиптир дейт, ойгонсом колум рулда, машина токтоп турат, айдын жарыгында жолдо улуу көч жатат дейт. … Жүк артылып, … чөп түшкөн төөлөр, … козулуу койлор, … көч баштаган ак эчки, … куржун, … көч жабдуулары байыркы замандагыдай жасаланган. Кыргыз баласы улуу көчтө да, каада-салтын бузбайт эмеспи. Көзүм умачтай ачылды, денемди калтырак басты дейт. Көч көчө турган мезгил эмес болчу дейт. Көзүмө көрүнүп жатабы деп көзүмдү ушалап, коркуп, титиреп, кайра ачсам баякы көч дагы деле астымда турат. Эптеп үйгө жетип, уктай албай, кайра эртеси ошол жерге таң ата келсем, кадимкидей төө чөккөн, мал жаткан, жылкы заңдаган көчтүн изи калыптыр дейт. Ошол жерден куран окуп, үйгө келип, аксарбашыл айтып, курмандык чалышат. Көп өтпөй “Дордой” базары ачылып, базарга эл көп каттап, дүр өнүгүп,  оомат келип, ишке жардамым тийер деп Мамытбай байке үй-бүлөсү менен шаарга көчүп келишет. Ошондо, балким, Кыдыр алейки салам өзү жолугуп, батасын берген чыгар. Ал купуя сыр бойдон калсын. … Кыдыр атанын батасы жанбасын, ардактуу агайын тууган

Салымбековдор!

VII

Кыргыз кодекси

Жапон жергесинде илгери Бусидо кодекси бул элдин эң алдыңкы мекенчил, мээнеткеч өжөр, аруу инсандардын күжүрмөн мүнөзүнөн жаралган.

Эгерде XXI кылымдагы Кыргыз кодексин жазуу керек болсо, анда мен төмөнкү инсандардын мүнөзүн кошор элем.

Биз ата-бабаларыбыз Барсбек, Алп Сол, Тагай Бий, Шырдакбек, Тайлак Баатыр, Алымбек Датка, Курманжан Датка, Кубат Бий, Эр Солтоной, Эренек Бий, Бердике

Баатыр, Жайыл Баатыр, Байтик Баатыр, Шабдан Баатыр, Балбай Баатыр, Пулат хан, Ормон хан,

Байзак Баатыр сыяктуу эр жүрөк жана даанышман инсандардын касиети ошол кодекстин өзөгүн түзсө…

Биздин ата-бабаларыбыз ак сүйлөп, адилет ойлоп, адал иш кылгандыгы үчүн оомал-төкмөл дүйнөнүн оош-кыйыштарында жок болуп кетпей, улуттун жүзүн намыскөйлүк менен сактап келген. Толубай сынчы, Санчы сынчы, Калыгул,

Балыкооз, Молдо Нияз, Арстанбек, Чоңду, Эсенаман, Нур Молдо, Нышан Молдо, Жеңижок, Молдо Кылыч, Үмөтаалы, Алдаш Молдо, Тоголок Молдо, Токтогул, Коргоол, Калык, Барпы, Молдо Багыш,

Жайсаң, Келдибек, Сагымбай,

Молдобасан, Саякбай, Музооке, Тыныбек, Карамолдо, Ыбырай, Атай, Муса, Талып Молдо,

Эшмамбет, Осмонкул, Алымкул, Боогачы, Жумамүдүн жана даанышмандар Тилекмат Аке,

Карга Аке, Мойт Аке, Кыдыр Аке, Садыр Аке, Сарт Акелер жана башка зор таланттар элибизди ар качан эркиндикке үндөп, руханий кайрат берген. Болочок кодекс ушул инсандардын мүнөзүн, аруулугун, акылмандыгын камтышы керек. Алардын жолун Абдыкерим

Сыдыков, Жусуп Абдрахманов,

Төрөкул Жанузаков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Абдыкадыр Орозбеков, Иманалы Айдарбеков,

Төрөбай Кулатов, Исхак Раззаков, Т.Усубалиев сыяктуу залкар инсандар татыктуу улантып келишкен, мекенчилдиги жана билимдүүлүгү ушулардай болсо.

Биз дүйнөлүк маданияттын ажайып жылдыздары болгон

Ч.Айтматов, А.Малдыбаев,

Б.Бейшеналиева, М.Рыскулов,

Б.Минжылкиев, С.Чокморов,

К.Карасаев, Т.Садыков, Т.Касымбеков, С.Жусуев,

С.Эралиев, К.Жусупов  сыяктуу залкар таланттарды жараткан элбиз. Руханий өзөгү ушул инсандарга окшош болсо.

Ал эми азыркы учурдан

Элмирбек менен Зайырбектин ырлары, Рыспай менен Асанкалыйдын обондору, Акжол менен Эрназардын, Жоломан менен Айсулуу,

Мээрим, Айперинин балбандыгы, Мунарбектин таамайлыгы,

Болот Шер менен Алиясбектин көк жалдыгы, Т.Эгембердиев менен

А.Салымбековдун мээнеткечтиги  жана М.Мамытов менен

И.Ахунбаевдин данакерлиги камтылса…

… “Эмгегиң адал болсо, тапканың таттуу болот” дейт. Тапканыңыз дайым таттуу болсун, Аскар

Мааткабылович!

… “Эмгек данкка жеткизет” дейт. Ал даңкка, буюрса жетиңиз. … “Эмгекчил кулда чарчоо жок” дейт. Чарчоону билбей өрнөктүү өмүр жолуңузду уланта бериңиз.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ,

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы