Быйыл Кыргызстанда акыркы коңгуроо 26-майда саат 9:00дө өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, билим берүү уюмдарынын жетекчилерине салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү нөөмөт уюштурулат.
«Ошондой эле билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу маалымат берүү максатында чогулуштар өткөрүлөт. Тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирген техникалык жабдуулар жана башка каражаттарды, ошондой эле экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга тыюу салынат», — деп жазылат малыматта.