Байгазы Кенжебаев Биатлон федерациясынын президенти болду
Байгазы Кенжебаев Биатлон федерациясынын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу федерациянын кезектеги жыйынында белгилүү болду.
Байгазы Кенжебаев 2010-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, 2012-2013-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген. Ошондой эле кыз-келиндер күрөшү улуттук курама командасынын улук машыктыруучу кызматын аркалаган.
Байгазы Кенжебаев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу жана меценат.
Эске салсак, буга чейин Биатлон федерациясынын президенти кызматын Бөкөнбай Казаков аркалаган.