АКШ Крымды Россияга таандык деп таанууга даяр экени, бул тынчтык келишиминин бир бөлүгү болушу мүмкүн экенин бир нече америкалык ЖМК жазып чыкты.
Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, Париждеги жолугушууда АКШ Украинага жана Европадагы өнөктөштөрүнө жашыруун сунуштар жазылган документ тапшырган. Анын ичинде Крымды Россияныкы деп таануу, Украинанын НАТОго кирүүсүнөн баш тартуу жана Запорожье АЭСин нейтралдуу аймак кылып, АКШнын көзөмөлүнө өткөрүү сунуштары бар.
Журналисттердин суроосунда АКШнын президенти Дональд Трамп бул маалыматты так тастыктаган жок, бирок «жакын арада баарын айтып берем» деп жооп берди. Париждеги сүйлөшүүлөргө АКШдан мамлекеттик катчы Марко Рубио баштаган делегация, Украинанын ТИМ жана Коргоо министрлери, ошондой эле Франция, Британия, Германия өкүлдөрү катышты.
