Эртең, 22-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 18…20° болот.