Улуттук теле радио канал Бишкектеги жаңы “Ош” базардын курулушу боюнча көрсөтүү жарыялады.
Базар мурдагысынан 4-5 эсе чоң экендиги жана учурда курулуштун бетондору курулуп бүтүп, жакында чатыры жабылаары, негизинен, жалпы 6 блоктун курулушу аяктап калганы билдирилди.
УТРК берген маалыматта жаңы “Ош” базардын курулушунун жалпы аянты 162 гектар. Курулушта 400дөн ашык киши эмгектенип, 45 техника иш алып барууда.
Өткөн жумада калаа башчысы Айбек Жунушалиев “Ош” базардын сатуучулары менен кезигишип, 3 ай ичинде жаңы базарга көчүшөөрүн айтып, азыртадан документтерин тактап алууну эскерткен.