Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту оппозициячыл активист Тилекмат Кудайбергеновду 19-майга чейин камакта калтырды. УКМК аны конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектеген.
“Тактап айтканда, өлкөнүн чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу КРде бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен жапырт башаламандык уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган”, – деп жазылат УКМКнын маалыматында.
Активист Тилекмат Кудайбергенов 10-апрелден бери жок болуп жатканын өлкөдөн чыгарылган журналист Болот Темиров билдирген эле. Ал эми 19-апрелде УКМК тарабынан өлкөгө жеткирилгени белгилүү болду.