Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 24-25-26-27-28-февралга чейин “Раймалы менен Бегимай” аттуу этномюзикл аншлаг менен өткөн эле. Көпчүлүк Кыргызстандыктардын суроосу боюнча Улуттук филармониянын чоң сахнасында 15-16-17-18-19-апрелде кайрадан кайталанып тартууланды.
Жакында Ош шаарында 4 күн калаа тургундарынын көңүлүн ачат. Учурда райондор кезекке туруп, чакырып жатышканы белгилүү болду. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган бул чыгарма сүйүүнү даңазалап, бийликтин өкүмзордугун ашкерелеген.
Көрсөтүүнүн автору жана жетекчиси Кыргыз Эл артисти Кыргызбай Осмонов.