Мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн 10 миллиондон ашык кол топтолду

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн 10 миллиондон ашык кол топтолду

Түркиянын Элдик-республикалык партиясы (CHP) мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жана камакка алынган шаар мэри Экрем Имамоглуна боштондук берүү талабын колдоп 10 миллиондон ашуун кол топтоду. Кол топтоо иш-чарасы март айынын аягында башталган.
CHP учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган акыркы шайлоодо алган 28 миллион добуштун санындай кол топтоону максат кылууда. Түркиядагы кийинки президенттик шайлоо 2028-жылдын жаз айларына пландалган.
Экрем Имамоглу CHPнин ички шайлоосунда жалгыз талапкер болгон жана Түркия президентинин кайра талапкерлигине чыккан учурда негизги атаандашы катары каралып келген.