Мунарбек Сейитбек уулу АКШдагы турнирде алтын медаль утту

Мунарбек Сейитбек уулу АКШдагы турнирде алтын медаль утту

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу АКШдагы турнирде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025 USA Boxing International Open эл аралык турниринин финалында Сейитбек уулу Жеримия Муньоз аттуу америкалык спортчуну жеңген.

Бокс федерациясы  маалыматына караганда кыргызстандык мушкерлер жалпысынан АКШда  4 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль утушту

Алтын медалдарды Анвар Ходжиев, Зафарбек Камилов, Мунарбек Сейитбек уулу жана Ихтияр Нишанов алышты. Элдар Турдубаев күмүш, Алмаз Орозбеков коло медаль тагынды.

Мелдешке команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилигинде катышты.