Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин жогорку деңгээлде билиши керек

Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин жогорку деңгээлде билиши керек

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мамлекеттик жарандык кызматчылардын, муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды”,- деп жазды өкмөттүн маалыматтык сайты. Мындай чечимге Минкаб Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

“Эми мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн – 2025-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2027-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) төмөн эмес билүүсү керек.

Ал эми, мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары жана кызматкерлери үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген адамдардан тышкары, билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана илимий кызматкерлери жана саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери үчүн – 2026-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2028-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) төмөн эмес билиши керек.

Ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган этностук азчылыктын өкүлдөрү үчүн – 2026-жылдан тартып базалык деңгээлден (А2) төмөн эмес, 2028-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) төмөн эмес билиши керек

Кызматтык жана функциялык милдеттери бөлүмдү башкаруу, ишти пландоо жана координациялоо, ошондой эле консультация берүү, эл алдында презентация кылуу, чыгып сүйлөө жана расмий жазуу жүзүндөгү тексттерди даярдоо менен байланышкан кызмат адамдары жана кызматкерлер үчүн иш берүүчү мамлекеттик тилди билүүгө бул чечимде белгиленгендерге караганда кыйла жогору талап коюуга укуктуу деп аныкталды.

Кабыл алынган токтомдун максаты – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу, ага ылайык мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү көлөмдө билүү деңгээлдерин жана мөөнөттөрүн белгилөө”,-деп айтылат маалыматта.