Кытайда суутек бомбасын сыноодон өткөрүштү

Кытайда суутек бомбасын сыноодон өткөрүштү

Кытайлык илимпоздор суутекке негизделген жарылуучу түзмөктү сыноодон өткөрүштү. Изилдөөгө ылайык, алар өзөктүк материалдарды колдонбостон жарылуу жасоого жетишти.
South China Morning Post гезити жазгандай, бул түзмөк Кытай мамлекеттик кеме куруу корпорациясынын (CSSC) 705-илимий-изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан. Бул уюм суу алдындагы курал-жарактарды да чыгарат.
Бомбада магний гидриди колдонулган. Бул химиялык зат суутекти сактоонун бир формасы болуп саналат. Анын курамындагы суутектин концентрациясы 7 пайыздан ашат. Кадимки жарылуучу заттар ишке киргенде, магний гидриди тез термикалык ажыроого учурап, суутек газын бөлүп чыгарат. Бул газ тутанып, узакка созулган өрттү пайда кылат.
Илимпоздор 2 кг салмактагы бомбаны сынап көрүштү. Жарылуудан кийин 1000 градус Цельсиядан жогору температурада эки секундадан ашык убакыт бою өрт шары пайда болгон.