Казакстанда массалык жарыштарга талаптар күчөтүлөт

Казакстанда массалык жарыштарга талаптар күчөтүлөт

Казакстанда массалык чуркоо жарыштарына коюлган талаптар катаалдаштырылат. Бул тууралуу Алматы шаарында өткөн жарым марафондо эки катышуучу каза болгондон кийин туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов билдирди.
«Массалык спорт коопсуз болуп, жогорку деңгээлдеги уюштурууга жооп бериши керек. Туризм жана спорт министрлиги бул маселеге байланыштуу так сунуштарды иштеп чыгып, тиешелүү органдарга жөнөтөт»,-деп жазылган министрдин билдирүүсүндө.
Учурда бул кайгылуу окуя боюнча кеңири текшерүү жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
«Катышуучулардын ден соолугу, мелдештин уюштурулушу, медициналык камсыздоо деңгээли жана коопсуздук эрежелеринин сакталуусу анализденип жатат»,-деген министр каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
20-апрелде өткөн Almaty Half Marathon учурунда эки эркек киши каза болду. Алар бул жарыштардын туруктуу катышуучулары болгон 84 жаштагы Аккоян Рсалиев жана 21 жаштагы Нурбол Ахмади.