“Байып кетишет”: Трамп келишимден кийин эмне болорун айтты

“Байып кетишет”: Трамп келишимден кийин эмне болорун айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында билдиргенине караганда, Россия менен Украина келишимге жетишкенден кийин АКШ менен иш жүргүзө алышат жана бул аркылуу чоң киреше табышат.
“Үмүттөнөм, Россия менен Украина ушул жумада келишимге жетишет. Андан кийин эки тарап тең өнүгүп жаткан Америка Кошмо Штаттары менен ири бизнес жүргүзө баштап, абдан байып кетишет”,-деди АКШ президенти.
Пасха майрамынын алдында президент Владимир Путин 19-апрелде саат 18:00дөн 21-апрелге чейин түнкү саат 00:00гө чейин ок атышууну токтотууну жарыялады. Ал муну “украин тарап да бизге кошулат” деген ишеним менен жасаганын белгиледи.
Украина президенти Владимир Зеленский тынчтык убагында Украина  “тынчтыкка тынчтык, соккуга сокку менен” жооп болорун билдирген.