АКШнын вице-президенти Индияга иш сапары менен келди

АКШнын вице-президенти Индияга иш сапары менен келди

Жей Ди Вэнс Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугуп, эки тараптуу соода, 26 пайыз бажы тарифтери, коргонуу кызматташтыгы жана геосаясий маселелерди талкуулайт.
Индия ТИМинин маалыматына ылайык, бул визит 2025-жылдын 13-февралында АКШ менен Индия кабыл алган биргелешкен билдирүүнүн аткарылышын баалоого шарт түзөт.
АКШ — Индиянын эң ири соода өнөктөшү. 2024-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 129 миллиард долларга жеткен.  Анын 45,7 миллиард доллары Индиянын пайдасына болгон.