Эртең,19-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 10…15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 12…14° болот.