Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин кол койгон токтомуна ылайык, Президенттин иш башкармасына таандык болгон Air KG авиакомпаниясы жоюлду.
Аталган ишкана 2013-жылы “Манас” аба майданынын директорлор кеңешинин чечими менен негизделип, 2023-жылы Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлгөн эле.