Баткенде өткөн “Өрүкзар поэзия” эл аралык фестивалындагы жаш акындар арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жеңүүчүлөр “Курбаналы Сабыров” атындагы сыйлыктын лауреаты болушту.
Жыйынтыгында жаш акын Максат Жангазиев баш байгени жеңип, 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.
1- орунду Гүлүмкан Исаева
2- орунду Махабат Касенова
3-орунду Жибек Сапар кызы
3-орунду Бүкалча Мамадали кызы ээледи.
Бардык жеңүүчүлөр төш белги жана акчалай сыйлыктарга татыды.
Белгилей кетсек, эки күн бою Лейлек районунун Раззаков шаарында акын Курбаналы Сабыровдун жаркын элесине арналган “Өрүкзар поэзиясы” фестивалы өтүп, ага Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандан адабият сүйүүчүлөр катышты.