Украинада Россиянын сим-карталарын сатуу башталды

Украинада россиялык операторлордун сим-карталары жапырт түрдө адамдардын атына катталган абалда сатылууда. Маалыматтарга караганда, баасы 300 рублдан башталат. Белгиленгендей, булар шылуундар тарабынан россиялыктарды алдоо максатында колдонулушу мүмкүн.
Сатуу боюнча жарыяларда алар QIWI капчыгын каттоого ылайыктуу экени айтылат. Аны шылуундар уурдалган акчаларды чыгаруу үчүн колдонушу мүмкүн. Ошондой эле бул сим-карталар «Авито» сайтына же WhatsApp мессенжерине катталуу үчүн да колдонулушу мүмкүн.