Түрк коомчулугу Өзбекстанды, Түркмөнстанды, Кыргызстанды жана Казакстанды шыбап, “саткын, орустардын күчүгү, уяты жоктор, Европанын 12 млрд евро үчүн Түркияны сатты” деп шыбап атышат.
Анын жөнү бар, 4-апрелде Самарканд шаарында “Борбор Азия-Европа биримдиги” биринчи саммити өттү. Ага Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов, Садыр Жапаров жана Еврокомиссиянын Президенти Урсула фон дер Ляйен менен Европа Кеңешинин Президенти Антониу Кошта катышкан.
Саммитте Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин N: 541 жана 550 – чечимдерин колдоого алган. Бул КИПР Республикасын таануу деген мааниге келет. Өткөн жума аталган үч өлкө КИПРге элчиликтерин атады. Мындай абалда Түркия Түштүк КИПРди 1975-жылдан бери курчап отурган абалда калаары айтылууда.
Азербайжандык саясатчылар кол коюу аземинде Кыргызстандын жок экендигин айтып, расмий Бишкекти аралаштырбоого чакырышууда. Бирок, Кыргызстандын ТИМи Самарканд саммити боюнча ооз ача элек.
Манас ОСМОН