Түгөлбай Казаков кыргыз улуттук “Манас” театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин №196-буюругуна ылайык, Кыргыз Улуттук “Манас” театрынын көркөм жетекчиси кызматына белгилүү маданият ишмери Түгөлбай Казаков дайындалды.

Жаңы жетекчини театрдын эмгек жамаатына маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Кемелович тааныштырды. Министр өз сөзүндө Түгөлбай Казаковдун маданият тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын жана улуттук мурастарды даңазалоого кошкон салымын белгилеп ийгилик каалады.