Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик унаа айнегин караңгылатууга 2 айга акция жарыялады.
Эми уруксат алуу үчүн жеке жактар 50 миң сом юридикалык жактар 70 миң сом, чет элдик жарандар болсо, 90 миң сом төгүшү керек. Ал эми эки жылга уруксат алгандар үчүн дагы бир жыл кошуп берилет.
Мындай кадам өлкө капчыгын кампайтууга багытталганы маалымдалууда.