Кой-Таш окуясы боюнча соттук жараян дагы эки айга жылды. Сот карала турган материалдын көптүгүнөн улам ушундай чечим кабыл алган. Мындан мурдагы соттук отурумдарда айыптоочу аларга 10 жылдан ашык мөөнөткө абакка кесүүнү сураган эле. Бул мөөнөт ичине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да кирет.
Тактап айтканда, прокурор Алмазбек Атамбаевге 11 жыл, президенттик администрациянын мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязовго 10 жыл, мурдагы жансакчысы Канат Сагынбаевге 11 жыл жана саясатчы Равшан Жээнбековго 10 жыл берүүнү өтүнгөн.
Кийинки соттук отурум эми 12-майда уланат.