Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ош базары үч ай ичинде башка жакка көчүрүлөөрүн айтып, сатуучуларга эскертүү берди.
Анын айтымында, сатуучулар эмитеден документтерин тактап, ырасташы керек. Анткени, жаңы Ош базарга көчкөн убакта документтери бар жарандар гана орун ала алышат.
Учурда Ош базардын тегерегиндеги мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөндөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.