Макрон: Украина боюнча сүйлөшүүлөр Лондондо өтөт

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Х социалдык тармагында Украинадагы жаңжалдын чечилишин талкуулоонун кийинки этабына байланыштуу сүйлөшүүлөр келерки жумада Лондондо өтөрүн жарыялады. 17-апрелде, бейшемби күнү, Парижде Украина жана АКШ делегацияларынын жолугушуусу өттү. Анда Улуу Британия, Германия жана Франция өкүлдөрү да катышты.
«Баарыбыз тынчтыкты каалаганыбыз ачык көрүнүп турат. Биз башынан бери АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу боюнча сунушун колдоп келгенбиз. Биз Европанын туруктуу позициясын жана АКШ менен тыгыз кызматташууга даяр экенибизди көрсөтүп жатабыз»,-деп жазды Франция президенти.