Алия Кубанычбекова аттуу үч жашар кыздын тишин дарылоо учурунда каза болгон окуя боюнча үч дарыгерге өкүм чыкты.
Бишкек шаардык соту алардын жаза мөөнөтүн күчөтүп, бирок, амнистия менен жазасынын үчтөн бир бөлүгүн абакта өткөрүүгө буйруду.
Ага ылайык, сот анестезиолог Айнура Туратбековага 7 жыл 6 ай, тиш доктор Айганыш Кадыркуловага 6 жыл 8 ай, анын жолдошу Данияр Таалайбековго 6 жыл өкүм берди.
Ал эми Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий медициналык дарылоо борборунун мурдагы директору Муратбек Искаков 6 жылга кесилип, 3 жылдык пробация берилгени маалым болду.