Эл аралык кылмыш соту Мажарстан (Венгрия) өкмөт башчысы Виктор Орбанга 23-майга чейин мөөнөт берди.
Ал бул аралыкта өлкөсүнө келип кеткен Израилдин премьер- министри Бенямин Нетаняхуну камакка албаганы боюнча түшүндүрмө бериши керек.
Эл аралык кылмыш соту 2024-жылы Бенямин Нетаняху менен ошол кездеги Израилдин коргоо министри Йоав Галантты камакка алууга ордер берген.