АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Пекин жакынкы үч-төрт жуманын ичинде соода боюнча келишимге келе алышат деп үмүттөнөт. “Менимче, кийинки үч-төрт жуманын ичинде баары чечилиши мүмкүн”,-деп билдирди америкалык лидер Ак үйдө журналисттер менен сүйлөшүү маалында. Бул анын АКШ менен Кытайдын ортосундагы, Вашингтондун импорттук бажы төлөмдөрүн жогорулаткандан кийинки курч соода тирешине түшүндүрмө болду.